15:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Швейцарияда архитектура бюросун ачкан Сайкал Жунушова: Бишкекте баары башаламан

Сайкал Жунушованын Швейцарияда өзүнүн архитектура бюросу бар. Ал жакында эл аралык DIVIA AWARD 2023 сыйлыгына (архитектура жаатындагы өзгөчө долбоорлору жана аял ишкерлердин жетишкендиктерин балоо) көрсөтүлдү.

Ал бул жааттагы билими, Швейцариядан алган тажрыйбасы жана Бишкектеги имараттардын көрүнүшү боюнча 24.kg агенттигине ой бөлүштү.

— Архитектурага кантип келип калдыңыз? Бул кесип көбүнчө эркектерге таандык деген пикирлер бар.

— Өспүрүм кезден бери сүрөт тартып, чийип, архитектурага кызыгып келем. Мектепте бүткөндө апам менен бирге модельер менен дизайнердин кайсы бирин тандасак деп ойлондук. Университетте архитектура факультетин карап көрүүнү сунушташты.

Ооба архитектура жана шаар куруу факультетинде көбүнчө балдар окушат.

Сайкал Жунушова.

Биздин «Архитектуралык дизайн» кафедрасында кыздар көбүрөөк болчу. Алты жыл окуп бүткөндөн кийин мага тажрыйба жетишсиз болду. Мисалы, дубалдын курамы, негизги конструкциянын түрлөрү, оптималдуу инженердик жолдорду түзүүдө эмнелерге көңүл бөлүү керектиги, ойдон тарта курулушка чейин долбоорду ишке ашыруу. Мына ушундан улам мен немец тилдүү өлкөлөрдүн биринде билим алмакчы болдум.

— Ошентип Швейцарияга тапшырып калдыңыз?

— Ооба, ал жактагы архитектуралык мектепте окудум. Бул окуу жайда практика көп болот. Биздин сабактар иш жүзүндө, бизге курулуш материалдарын тандоодон тарта, долбоорду ишке ашырууга чейин көрсөтүлүп өтүп жатты. Андан сырткары, сабактарга инженерлер дагы чакырылып, алар менен чогуу долбоорду талкуулайт элек. Бир топ менен чогуу иштегенди үйрөнүп, өз долбоорубузду иштеп чыгып жаттык. Баардык сабактарда биз топко бөлүнүп, өзүбүздүн долбоорду иштеп чыгып, көрсөтчүбүз. Бул архитектордун жумушуна даярдык болду. Окуу учурунда биз керектүү болгон маалыматты алып, тажрыйба топтой алдык.

— Эмне үчүн так ушул өлкөдө бюро ачып иштеп калдыңыз?

— Анын эки себеби бар. Биринчиси, мен архитектуралык бюродо жөнөкөй кызматкер катары иштеген кезде, мен чийип эле олтура бербей башка дагы иштерди аткаргым келчү. Имараттан сырткары, жолугушуулар, курулуш органдары, курулуш товарларын сатуучулар менен кызматташтык кызыктырчу.

Мен өзүм буйрутма тапканда аны нөлдөн баштап өзүм жасагым келди.

Мага Бишкек менен байланышты жоготпоо маанилүү болчу. Башка компанияга иштегенде убакыт тар болуп, Кыргызстанга кеңири келип кете албайт элем.

Сайкал Жунушова.

Азыр эми мен качан Кыргызстанга келип, кандай долбоорлорду ишке ашыра аларымды өзүм чечем.

— Бишкек демекчи, шаардык архитектуралык көрүнүшүнө кандай баа бересиз? Бул боюнча сын-пикирлер менен макулсузбу?

— Архитектуралык курулуштар — башаламан. Алдын-ала кийинки жылдарга карата пландоо жок. Бишкекте жыл өткөн сайын транспорт,мамлекеттик жана жеке кызматтардын айынан ыңгайсыздык көбөйүүдө.

Бишкекте мен күндүн биринчи жарымында эле чарчап калам. Швейцарияда көп ишти аткарып дагы мынчалык чарчабайм.

Сайкал Жунушова.

Тротуарлардын сапаты, бак-дарактардын кыйылышы дагы кошумча кооптонуу сезимдерин жаратат. Менин тааныштарымдын фото-видеолорунан эле шаардын көчөлөрүнөн, парктарынан сүрөттөрү жок экендигин байкайм. Бир эле Эркиндик бульварынан сүрөткө түшпөсө, башка жерлер анчалык кызыгуу жаратпайт.

 Айрым шаарларда туристтерди тартуу үчүн атайын архитектуралык курулуштарды тургузушат. Бишкекте ошондой имараттар барбы?

— Бишкекте соода түйүндөрүн көңүл бурган имарат катары эсептешет. Бирок алардын баары эле окшош. Анткени коомдук талкуу жок. Туура эмес көрүнүштөргө бойкот жарыялап, шаардын аброюн ойлогон нукура бишкектиктер дагы жок.

— Сиз энергияны үнөмдөөчү курулуш багытында иштейсиз. Кыргызстанда бул жаатта көп көңүл бөлүнбөй келет. Сиздин оюңузда эмне себептен?

— Кыргызстанда имараттын үстүнө күн коллекторлорун орнотуп койсо эле энергия үнөмдөөчү болуп калат. Бул баарын үчүн өт кымбаттай сезилет.

Энергия үнөмдөө принципи долбоорду кагазга түшүрүүдөн башталат. Имаратты туура жерге жайгаштыруудан, пландоодон башталат.

Жер күндү бир эле жол менен айланат. Анын кайсы убакта кирип, кайсы убакта чыгаары баарыбызга белгилүү. Бул жаратылыш мыйзамы өзгөрбөйт.Биз аны долбоорду түзүүдө эске алышыбыз керек. Жөнөкөй эле кара-ак түстөгү сүрөт аркылуу күндүн нурунун имаратка канчалык тереңдеп кирерин көрсөк болот. Мындан биринчи жана маанилүү кадамдар түзүлөт.

— Сиз Кыргызстанга кайра кайтып келүүнү ойлоп жатасызбы? Өлкөдө ишке ашырган долбоорлоруңуз барбы?

Мен эки өлкөдө тең бирдей иштөөнү каалайм. Бул азырынча ишке ашууда.

Сайкал Жунушова.

Кыргызстанга кайтып келип, Швейцарияда тапкандарымдын баарын жоготуп алуу — чоң каталык болот деп ойлойм. Андан Кыргызстан эч кандай пайда көрбөйт. Бишкекте мен өз үй-бүлөмө энергия үнөммдөөчү үй куруп бердим. Алар кышында жылуу, жайында салкын жашашат жана бул үйдү тейлөө үчүн акча жана күч коротушпайт.

Андан тышкары, 2022-жылдын аягында Айбек Шаршенбаев менен бирге Сосновка айылында балдарды окутуучу борбор ачтык. Анда жылуу, ыңгайлуу. Ал үй айылдын көркү болду десем болот. Атайын келип көрүп кеткендер юар. Ал дагы күндүн нуру менен жылыйт. Мисалы, январь айларында имараттын ичинде +18 градус болду. Бир аз эле от жагып турушту.

Азыркы учурда Каракол шаарындагы бир кызыктуу долбоор үстүнөн иштеп жатам. Аны дагы энергияны максималдуу түрдө үнөмдөй тургандай кылабыз.

Марттан бери эки жеке менчик үйдү куруп жатабыз.

Жалпысынан айтсак, мен көбүнчө онлайн-курс аркылуу билимим жана тажрыйба менен бөлүшкүм келет.

— Сиз жаш архитекторлорго жана тажрыйбалуу кесиптештериңизге эмне кеңеш бересиз?

— Долбоорлорду дыкат иштеп чыгууну сунуштайм. Швейцарияда архитектор курулуш материалдарынан тарта, бөлмөлөрдүн жайгашышына чейин долбоорго киргизет. Архитектор менен инженерлер башынан тарта чогуу иштешет. Имарат бүткөнчө долбоор инженер менен архитектордун ортосунда ары-бери жылып турат.

Эң көп окулган жаңылыктар