23:20
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Шаардык сот: «Азаттыктын» УКМКга карата жазган арызын кароо 2-февралга жылды

26-январда Бишкек шаардык сотунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) аракетине байланыштуу райондук сот чыгарган чечим боюнча «Азаттык Медианын» апелляциялык арызын кароо башталды.

Сот жараянында «Азаттыктын» адвокаттары медиа мекеменин банктагы эсебин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши тууралуу маалымат алуу үчүн материалдарды тергеген Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду отурумга алып келүү өтүнүчүн келтирди.

Адвокат Тимур Султановдун айтымында, Финансылык чалгын кызматы УКМКдан келген катка таянып, «Азаттыктын» эсебин бөгөт коюу чечимин чыгарган. Анда кайсы бир кылмыш иши бар экенин айтып, бирок ал иштин «Азаттыкка» кандай тиешеси бар экенин көрсөткөн эмес.

«Бизди караңгы бөлмөгө камап эле жол тапкыла дегендей кылып жатышат. Анткени «Азаттыктын» эсебин бөгөттөөгө негиз болгон кылмыш иши эмне, анын «Азаттыкка» эмне тиешеси бар, юридикалык статусу кандай экени белгисиз. Ошондуктан, учурда сөз болуп жаткан ишти тергеп жаткан ИИМдин тергөөчүлөрү келип, маалымат бериши керек», — деди адвокат.

Соттук коллегия «Азаттыктын» адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырып, тергөөчүнү алып келүү милдетин прокуратурага жүктөдү. Кийинки сот жараяны 2-февралга, саат 13:30га белгиленди.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 22-декабрда «Азаттык Медианын» УКМКнын аракеттерине каршы арызын карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Арызда коопсуздук комитетинин Финчалгын кызматына жолдогон кайрылуусун негизсиз деп табуу өтүнүчү келтирилген. Атайын кызматтын жиберген ал кайрылуусу «Азаттык Медианын» банк эсебин бөгөттөөгө себеп болгон.

Биринчи Май райондук сотундагы соттук процесс маалында ишти караган судья Туратбек Бекенов адвокаттар келтирген бир нече өтүнүчтү четке кагып, жыйынтыгында негизги арызды да канаттандыруусуз калтырган. Буга байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз берилген.

Райондук соттун чечимин улай «Эркин Европа / Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай билдирүү тараткан.

«Райондук соттун «Эркин Европа / Азаттык» радиосунун ар бир өтүнүчүн четке каккан бүгүнкү чечими мыйзам үстөмдүгүнө негизделгендей көрүнбөйт, бирок эркин медианы сыйлабагандыкка жатат. «Эркин Европа / Азаттык радиосу» өкмөттүн биздин ишмердикке болгон туруктуу чабуулдарына жооп катары мүмкүн болгон бардык мыйзамдык чараларды караштырууну улантат», — деген ал.

31-октябрда «Азаттык Медианын» «Демирбанктагы» банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, «Азаттык Медиа» «Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине» киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы «Азаттык Медиа» бул тизмеге «Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.

Бирок тиешелүү органдар ал иштин «Азаттык Медиага» кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет.

«Азаттык Медиа» банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилеп келет.

26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медиа» мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун дагы бир кызматы — «Настоящее время» телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча сот отуруму 26-январда башталып, кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленди.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттык Медианын» ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болду. Бул арыз 9-февралда каралат.

Министрликтин бул кадамын бир катар коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар