23:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Бишкекте жаңы каттамдарды киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда

Бишкек шаарынын мэриясы бир эле мезгилде жашоочулары көп аймактарда кошумча каттам линияларын ишке киргизүү жана ишкерлерге шарттарды түзүү, борборго инвестиция тартуу боюнча жигердүү иштерди улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдын атынан, калаанын транспорт маселеси боюнча вице-мэри Азиз Алымкуловдун жетекчилиги астында инвесторлор менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк келишимди түзүү, жүргүнчүлөрдү ташуунун 30га жакын жаңы схемаларын ачуу боюнча долбоор иштелип чыкты.

Шаардык мэрия кеминде 75 жүргүнчүгө, ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды (майыптарды) ташууга ылайыкташтырылган 350 газ же электр энергиясы менен жүрүүчү автобус менен инвесторлорду тартууну пландаштырууда.

Бул чечим линияга орточо 659 автобуска чейин көбөйтөт, жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун жогорулатат, борбордук көчөлөрдөгү тыгындарды азайтып, эң негизгиси, эски жана эскилиги жеткен кичи автобустарды жаңы автобустарга алмаштыруу менен автомобиль транспорту аркылуу булгоочу заттардын чыгышынын деңгээлин кескин кыскартууну камсыз кылат.

Бүгүнкү күндө мэриянын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасы шаардыктарды 11 каттам боюнча тейлейт, алардын орточо суткалык чыгымы 135 бирдикке чейин жетет.

Эң көп окулган жаңылыктар