09:37
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Садыр Жапаров Баткендеги үйлөрдү курулушу боюнча түшүндүрмө берди

«Аманат инвест» компаниясы Баткендеги үйлөрдүн курулушунун иш кагаздарын гана бүтүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, учурда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге каршы маалыматты чабуул жүрүп жатат.

«Бир үйгө канча акча кетет экен, силер эсептеп чыккылачы», деп тапшырма бердим. Эки күндө мага сметасын алып келишти. Бир үйгө 3 млн 300 миң сомдон акча кетет экен. «Эч ортомчусу жок ушул суммага кургула», деп дароо тапшырма бердим. Ошентип ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон үнөмдөп калдык. Ошондо эсептеп көргүлө, Баткенге баш-аягы 500дөн ашык үй салабыз. Ар бир үйдөн 2 млн 200 миң сомдон айырма болгондо эле бир миллиарддан ашык сом мамлекеттин акчасын үнөмдөп калдык. Эгер мамлекеттик курулушка ишенип, «Ии болуптур, сала бергиле» деп койгонумда, бул акчаны саналуу кишилер жана ортомчу компаниялар жеп кетмек. А мен бул акчаны алардын оозунан жулуп алдым да. Алар: «Ушунун баарын Иш башкармалыктын жетекчиси Каныбек Туманбаев кылып жатат» деп ойлоп атышат. Ошол үчүн ага акчадан куру калгандар маалыматтык чабуул башташты«, — дейт ал.

«Алардын ортодон акча «жасап алуусуна» менин тапшырмам менен бөгөт коюлду. Каныбек — мыкты аткаруучу, мыкты көзөмөлдөөчү. «Бир тыйын болсо да мамлекеттин акчасы үнөм болсун» деп турган кызматкерлердин бири. Ал эми «Аманат инвест» компаниясы — Баткенде салынып жаткан үйлөрдү жөн гана көзөмөлгө алып, бир тыйын пайда кошпой, кагаз иштерин бүтүрүп жаткан компания. Алардын болгон күнөөсү ушул, негиздөөчүлөрүнүн арасында 20 жаштагы бала бар экен. Бизге, мага десе негиздөөчүлөрү 18 жаштагы балдар болсун. Мамлекеттин акчасын үнөмдөп берсе болду», — дейт президент.

Эң көп окулган жаңылыктар