10:23
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Орусиялык активист аны Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз кылышканын билдирди

Кыргызстандын бийлиги орусиялык жарандык активист жана «Весна» кыймылынын мүчөсү Тимофей Илюшинди өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз кылды. Бул тууралуу «Настоящее Время» телеканалы кабарлады.

Кыргызстанда жети айдан бери жашап келген Илюшин Бишкек шаарында Орусиядагы саясий туткундарды колдогон жана Москванын Украинага каршы согушуна каршы эки тынч митинг өткөрүүнү пландаган.

«Өткөн жумада митинг өткөрүү боюнча Бишкек мэриясына билдирме жөнөткөм. Көп өтпөй милиция кызматкерлери мени Шаардык ички иштер башкармалыгына алып барып, суракка алышты. Менден эмне иш кыларымды, кандай уюмдарга мүчө экенимди сурашты. Ошондой эле «Эмне кылайын деп жатканыңды түшүнүп турасыңбы?», «Орусия менен мамилебизди бузгуң келип жатабы?» деген сыяктуу суроолорду беришти», — деди активист.

Илюшиндин айтымында, сурак маалында аны өлкөдөн чыгып кетүү тууралуу документке кол коюуга мажбурлап, болбосо Орусияга депортациялана турганын айтышкан. Мындан соң ал Алматы шаарына чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар