Кыргызстандын Малайзиядагы мурдакы элчиси Азимбек Бекназаров жана журналист Айданбек Акматов ачкачылык кармоону токтотушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Маалыматка караганда, экөө тең ден -соолугуна байланыштуу ачкачылыктан баш тартышты.
Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров менен Айданбек Акматов № 1 Тергөө абагында кармалууда.
Бийликти басып алууга аракеттенүү айыбы менен кармалгандардын 17си ачкачылык жарыялашкан.