11:22
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кемпир-Абад иши: активист Али Шабдан да ачкачылык жарыялады

4-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча «Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деп шек саналып камакта жаткан дагы бир жарандык активист Али Шабдан да ачкачылык жарыялаганын билдирди.

Бул тууралуу маалымат анын Фейсбуктагы баракчасына чыкты. Анда саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотуу, Кемпир-Абад иши жана башка саясий негизде камалгандарды бошотуу талабы жазылган.

Ушуну менен Кемпир-Абад иши боюнча абакта ачкачылык жарыялагандардын саны сегиз адамга жетти.

14-декабрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор укук коргоочу Рита Карасартова, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Равшан Жээнбеков, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, активисттер Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов ачкачылык жарыялаганын билдирген.

Жазаларды аткаруу кызматы Бишкектеги № 1 тергөө абагында жаткандардын ичинен тогуз киши ачкачылык кармап атканын кабарлап, алардын аты-жөнүн 15-декабрда тактап берерин убада кылды.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 23 кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга — 20-февралга чейин узартты. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган. Бул күндөрү жалпы 25 адамга карата чечим чыккан.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Эң көп окулган жаңылыктар