11:51
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

2022-жылы дүйнөдө 67 журналист каза болду

2022-жылы дүйнөдө кеминде 67 журналист менен ЖМК өкүлү каза болду. «Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) бул 2018-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч экенин билдирди.

Уюмдун маалыматына караганда, Украинадагы согушту чагылдыруу учурунда 15 ЖМК өкүлү мерт болгон.

Маалыматка караганда, журналисттердин көбү согуш башталган учурда көз жумган. Акыркы жолу 2022-жылдын май айында француз оператору Фредерик Леклерк-Имхофф гуманитардык автобус менен келе жатканда орус бомбасынан өлгөн.

Оор жагдайларга карабай, Украинада журналисттер кабар таратууну улантып келишет.

2022-жылы журналисттер үчүн эң кооптуу аймак Латын Америкасы болду. Ал жакта бери дегенде эле 30 журналист көз жумду. Маркумдардын көбү коррупция маселесин чагылдырып жүргөндөр болгон.

Мексикада 13 журналист өлгөн.

CPJ белгилегендей, Мексикада журналисттерди коргогон мыйзамдар жана көз карандысыз уюмдар бар. Бирок мунун баары алардын коопсуздугун камсыздоодо эффективдүү болбой жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар