USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Баңги зат өстүрүүгө соттолгон жаран абакта оозун тигип, ачкачылык жарыялады

12:13, 12 марта 2021, Бишкек - 24.kg

Соттун чечимине макул эместигин айткан № 1 тергөө абагында отурган киши оозун тигип алган. Бул тууралуу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖАМКнын № 1 тергөө абагында отурган соттолуучу Б.И.В. Чүй облусунун Ысык-Ата райондук соту тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 273-268-беренелери менен 5 жылга эркинен ажыратылып, 300 миң сом айып пулун төлөөгө милдеттендирилген.

«Ал 2021-жылдын 11-мартында соттун чечимине макул эместигин айтып, ачкачылык жарыялаганын билдирип, Чүй облустук сотуна аппеляциялык арыз жазган», — деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы факты боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым интернет сайттар Бишкектеги № 1 тергөө абагында отургандар жаңы жетекчи Марс Жусупбековдун келишине нааразы болуп ооздорун тигип алышты деп жазып чыгышкан. «Бул маалымат чындыкка дал келбейт», — деп кошумчалашты ЖАМКтын басма сөз кызматынан.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика