Бир суткада 9 миң 382 адам сасык тумоо менен кайрылды.
Маалыматка караганда, 12-декабрь күнү 3 миң 74, 13-декабрда — 7 миң 775, 14-декабрда — 9 миң 809, 15-декабрда −8 миң 730 сасык тумоо менен ооруканага кайрылган.
Учурда өлкөдөгү мектептер онлайн окууга өттү.
Саламаттыкты сактоо министрлиги беткап кийип, башка дагы санитардык нормаларды сактоого чакырат.