18:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын алгачкы муфтийи көз жумду

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаназасы 23-ноябрь күнү түшкү намаздан кийин Бишкек шаарындагы «7 апрель шейиттери» мечитинде окулат. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Кимсанбай Абдурахманов 82 жашында дүйнө салды.

Кимсанбай Абдурахманов 1940-жылы Өзбекстандын Фергана облусундагы Жанабад айылында кыргыз үй-бүлөдө туулган. Мектепти аяктагандан кийин 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине кирген. 1976-1980-жылдары Иорданиядагы Үрдүн мамлекеттик университетинин Шарият факультетин аяктаган. 1990-1992- жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы болуп иштеген.

1992- жылы август айында Кыргызстан мусулмандарынын биринчи курултайы чакырылып, диний башкарма түзүлүп, алгачкы муфтий болуп Кимсанбай Абдурахманов дайындалган.

Эң көп окулган жаңылыктар