20:43
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

Тажикстан Ооганстандагы этникалык тажиктердин укугу бузулуп жатканына кабатыр

Тажикстан ТИМи Ооганстандагы этникалык тажиктердин укугунун бузулуп жатканына кабатыр болду.

ТАСС агенттигинин билдиришинче, бул тууралуу Тажикстан ТИМинин стратегиялык иликтөөлөр башкармалыгынын башчысы Вафо Ниятбекзода 16-ноябрда Ооганстан боюнча Москвада өткөн кеңешмеде билдирген.

«Биз этникалык тажиктерге бардык жерде куугунтук болуп жатканына тынчсызданганыбызды буга чейин да бир нече жолу билдиргенбиз. Бул өзгөчө Панжшер провинциясында, Кабулдун борборунда жана Ооганстандын түндүк райондорунда өзгөчө байкалууда. Ооганстандын Улуттук каршылык фронту менен кызматташууда деген шылтоо менен күн сайын (Ооганстанда) өлтүрүү болуп жатат», — деген ал.

Анын айтымында, Тажикстан Ооганстандагы этникалык топтордун, аялдардын, мурдагы аскер кызматкерлеринин жана маданият өкүлдөрүнүн укуктарынын бузулушуна каршы. Вафо Ниятбекзода Ооганстанда бардык саясий жана этникалык топтордун катышуусунда инклюзивдик өкмөт түзүлбөгөнүн да белгиледи.

16-ноябрда Орусиянын борборунда өткөн жолугушууда «Талибан» өкүлдөрү болгон жок. Расмий маалыматка караганда, «Москва форматына» Орусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана Тажикстан бийлигинин өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда конок иретинде Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Арабиясы менен Түркия өкүлдөрү да болду.

Эң көп окулган жаңылыктар