14:27
USD 88.67
EUR 95.49
RUB 0.96

CPJ Тажикстанды блогерлер менен журналисттерди бошотууга үндөдү

Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists) эл аралык өкмөттүк эмес уюму Тажикстанды блогер Абдусаттор Пирмухаммадзоданын кыйноо жана катаал мамиле жөнүндө айтканына «толук жооп берүүгө» чакырды.

Тажик блогери Абдусаттор Пирмухаммадзода абактан кат жазып, катуу кыйноого кабылганын, кысым алдында жасабаган ишти мойнуна алганын билдирген.

Журналисттерди коргоо комитетинин өкүлү Гульноза Саид катаал мамиле жана коркутуу аркылуу көрсөтмө алуу Тажикстандын укук коргоо органдары үчүн жаңы нерсе эместигин, бирок бул билдирүү тынчсызданууну жана толук жооп берүүнү талап кыларын айтты.

«Тажик бийлиги үчүн жашыруун делген грифти журналисттердин ишинде кыянаттык менен пайдаланууну токтотууга мүмкүндүк пайда болду. Бул алардын укугун одоно бузуу болуп эсептелет», — деди ал.

Комитет Тажикстан бийлигин камактагы журналисттер менен блогерлерди токтоосуз бошотууга үндөдү.

Блогер абактан жазган катында кармалган күндөн тарта кыйноого алынганын билдирген:

«Кайсы бир учурда ток менен кыйнаганынан жашагым да келбей кеткен. Милиция кызматкерлери менен тергөөчүлөр мени ур-токмокко алып, «жасалма айыптоолорду» мойнума алдырууга аракет кылышты. 8-9 күн кыйнап, кемсинтип, толук изоляциялап, үй-бүлөмдү айтып коркуткандан кийин кылбаган кылмышты мойнума алууга аргасыз болдум. Физикалык басым алдында «оппозиция лидери Мухиддин Кабири менен байланышта болуп, аны менен Тажикстанда революция кылууга даярдык көргөм» деп камерага айтып бердим».

44 жаштагы блогер 9-июлда Вахдат шаардык ички иштер башкармалыгына суракка чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. Ага каршы «Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо жана экстремизмди актоо» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Акыркы жарым жылда Тажикстанда жети блогер менен журналист камалган.

Эң көп окулган жаңылыктар