14:19
USD 89.51
EUR 97.50
RUB 0.97

Тажикстан ТИМ башчысы Панжшердеги кыйноону токтотууга чакырды

Тажикстандын тышкы иштер министри эл аралык уюмдарды жана таасирдүү өлкөлөрдү Ооганстандын Панжшер провинциясында жашагандарга карата кыйноону жана мыйзамсыз аракеттерди тезинен токтотууга үндөдү.

Ал 21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында Ооганстан элинин коопсуздугун камсыздоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдо Панжшердеги оор кыраалга көңүл бурду. Аймакта негизинен тажик тектүүлөр жашайт.

Сироджидин Мухриддин эл аралык уюмдар жана таасирдүү өлкөлөр Панжшер жана Ооганстандын башка аймактарына гуманитардык жардам жеткирүү үчүн жолду ачууга жардамдашуусу керек деп эсептейт.

Талибдер Панжшер жашоочуларына кандайдыр бир кысым көрсөтүлүп жатканын четке кагышууда. Бул арада жергиликтүү блогерлер базарлар жабылганын, азык-түлүк, дары-дармек жетишсиз болуп жатканын билдиришүүдө.

Сентябрдын башында The Guardian гезити Панжшер өрөөнүндө гуманитардык катастрофа болушу ыктымал экенин эскерткен.

«Талибан» Панжшер капчыгайындагы кагылышта жеңишке жетишкенин эки жолу жарыялаган. Ахмад Масуддун колбашчылыгы алдында талибдерге каршы күрөшүп жаткан тарап муну жокко чыгарууда.

Эң көп окулган жаңылыктар