Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин төрагалыгына Улан Примов шайланды. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңеш чечим кабыл алды.
Аны 70 депутат колдоп добуш берип, бирөө каршы болду.
Белгилей кетсек, бүгүн парламент комитеттин жетекчиси Чыңгыз Айдарбековду кызматтан алды.

