16:24
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайфк, мамлекет башчысы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган «Осман гази жана Орхан гази турбеси» мемориалына барды.

Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган «Кыргызлар турбеси» мемориалына барышты.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Изник шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулашты.

Иш сапарын аяктап, Садыр Жапаров бүгүн, 30-сентябрда, Бишкекке кайтып келди.

Эң көп окулган жаңылыктар