17:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ЖРТнын үчүнчү турунун жыйынтыгы чыкты

ЖРТнын үчүнчү турунун жыйынтыгы чыкты. Ага Бишкектен 795, Оштон 236 абитуриент катышты.

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөдө 57 окуучу эң жогорку балл алып, алтын сертификатка ээ болуу мүмкүнчүлүгүн алышты.

Эң жогорку 235 баллды Бишкек шаарындагы №70 гимназия мектебинин бүтүрүүчүсү Эрлан Колбаев алды. Экинчи орунга 231 балл менен Бишкек шаарындагы №62 мектеп-гимназиянын бүтүрүүчүсү Артём Марченко чыкса, үчүнчүнү 228 балл менен Бишкек шаарындагы К. Скрябин атындагы №28 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Кубан Жапаров багындырды.

235тен 221 баллга чейин упай топтогондордун эң көбү Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрү, алардын саны 35ти түзөт.

Ысык-Көл облусу — 5,
Чүй облусу — 4,
Ош облусу — 4,
Ош шаары — 3,
Баткен облусу— 3,
Нарын облусу — 2,
Жалал-Абад облусу — 1

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө үч турдун жыйынтыгы менен жалпы 51миң 185 абитуриент катышты.

Эң көп окулган жаңылыктар