02:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жыл башынан бери 258 кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келинди

2021-жылы 540 мигранттын сөөгү өлкөгө жеткирилди. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун сабары Азиз Мадмаров билдирди.

Анын айтымында, сөөктү чет өлкөдөн Кыргызстанга жеткирүү үчүн 45 миллион 270 миң сом бөлүнгөн.

2022-жылдын январь айынан бери 258 сөөк алынып келинип, ага 25 миллион сом чыгымдалган.

Министерлер кабинетинин маалыматында, учурда 1 миллион 118 миң жаран чет жакта миграцияда жүрөт. Анын 1 миллион 63 миңи Россияда иштешүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар