11:40
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди

Чет жакта жүргөн кыргызстандыктардын консулдук каттоого турушу жеңилдеди. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалым болгондой, 25-ноябрда өкмөт автоматташтырылган «Консулдук каттоо» санарип системасы аркылуу жарандарды каттоого алуу жана чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары консулдук каттоого дистанттык режимде кабыл алынат.

Мындан ары консулдукка барып убара болбойт, акча да төлөбөйт.

Консулдук каттоонун негизинде шайлоочулар тизмеси түзүлөрү белгилүү. Андыктан, ТИМ белгилегендей, online ыкма аркылуу катталууну каалагандар көбөйсө, шайлоочулардын базасы да кеңейет.

Эң көп окулган жаңылыктар