12:54
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Дубайда Палм-Джумейр вилласын тоногон кыргызстандыктар соттолду

Дубайда Палм-Джумейр вилласын тоногондугу үчүн сот 3 кыргызстандыкты 3 жылга эркинен ажыратты. Алар жаза мөөнөтүнөн кийин мекенине депортацияланмакчы. Бул тууралуу UAE басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын февралында 3 кыргызстандык түн ичинде ээн турган виллага балкон аркылуу киришкен. Алар баалуу буюмдар сакталган 3 сейфти талкалап алып кетишкен. Шектүүлөр ошол күнү Дубайдан чыгып кеткени жазылат.

Уурдалган буюмдарды шериктеш аялга беришкен. Аял өз кезегинде 31 жаштагы эркек кишиге байланышат, ал буюмдарды Бириккен Араб Эмиратынан алып чыкмакчы болгон. Бул кызматы үчүн ага 900 доллар сыйлык берилмек.

Дубайдын полициясы 4 кишини камакка алып, уурдалган буюмдардын жарымын ээлерине кайтарып берди.

Сотто кыргызстандыктар күнөөлөрүн моюндарына алып, Дубайга акча уурдаганы келгендерин билдиришти.

Эң көп окулган жаңылыктар