00:35
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Инсулин дарысы Кыргызстанга июнь айында гана алынып келинет

Диабет оорусу менен ооругандар дагы эле инсулин дарысын ала албай жатышат. Бул тууралуу алар 24.kg агенттигине билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин эндокринологу Наталья Добрынинанын айтымында, диабет менен ооругандар жакынкы күндөрү инсулин менен камсыз болушат.

«Дарынын негизги бөлүгү 7-июлда келет. 8-июлга карата дагы гумжардам катары алынып келинет», — деди ал.

Анын айтымында, инсулин алуучу бейтаптарга учурда башка дарылер берилүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар