00:25
USD 87.40
EUR 102.18
RUB 1.16

Күрөш боюнча Азия чемпионаты. Айпери Медет кызы алтын медалдуу болду

Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медал тагынды.

Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, Медет кызы бүгүн, 21-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограмм салмакта финалда жапониялык Юка Кагамини 5:3 эсебинде жеңип алды.

Эң көп окулган жаңылыктар