18:10
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

Назарбаевдин кудасы Кайрат Боранбаев эки айга камалды

Казакстанда экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаевдин бөгөт чарасы каралып, ал эки айга камакка алынды.

Расмий маалыматта Боранбаев «мамлекет менен бирге түзүлгөн ишканадан ири суммадагы каражатты уурдоого» айыпталып жатканы жазылган.

Боранбаев кармалганын жергиликтүү басылмалар 15-мартта кабарлашкан. 17-мартта «Целинный» заманбап маданият борбору анын ишин калыс тергөө өтүнүчү менен президент Касым-Жомарт Токаевге кат жолдогон.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан.

Боранбаев 2016-жылдан бери Казакстандын эң бай адамдарынын катарын толуктайт. Ал McDonald’s брендин казак жергесинде франчайзинг ыкмасында иштетет. Өзү «Алмалы» активдерди башкаруу компаниясына, «Кемикал» мунай-химиялык компаниясы, «Алекс» минералдык суу чыгаруу ишканасына ээлик кылат. Мындан сырткары Phystech II акционердик коому жана «КазТурбоРемонт» холдинг компанияларында үлүштөрү бар.

Эң көп окулган жаңылыктар