07:25
USD 87.43
EUR 102.96
RUB 1.12

ЖК депутаттары сегиз комитет түзүп, үч вице-спикер шайлоону сунуштады

Жогорку Кеңеште 12-январдагы жыйынында түзүмү тууралуу маселе каралды. Анда сегиз тармактык комитет түзүү, вице-спикерлердин санын үчкө жеткирүү тууралуу жумушчу топтун сунушу колдоо тапты. Эми бул маселе парламенттин түштөн кийинки жыйынында каралып, добушка коюлат.

Сессиянын түшкө чейинки бөлүгүндө комитеттердин саны, аталышы жана төраганын орун басарларынын санына байланыштуу талаш-талкуу жаралды.

Буга чейинки чакырылышта эки вице-спикер, жети тармактык комитет болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар