07:47
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

ИИМ психотроптук маңзат жасаган жай табылганын билдирди

Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы баңгизаттарды жашыруун жасап жүргөн жаран кармалганын маалымдады.

Ага ылайык, шектүүнүн ижарага алып жашаган батиринен психотроптук заттарды жасаган лаборатория аныкталып, далил буюмдар алынды.

Ал жерде мефедрон жана Альфа PVP психотроптук заттар өндүрүлгөн. Алардын жалпы баасы 9 миллион 900 миң сом болгон. Кармалган шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына ылайык, шектүү маңзатты интернет аркылуу сатып жүргөн. Учурда бул кылмашка тиешелүү башка жарандарды аныктоо жүрүп жатат.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, быйыл 11 ай ичинде Кыргызстанда үч жарым тоннадан ашыгараак баңгизаттар, психотроптук заттар алынган. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү үчүн 13 чет өлкөлүк жаран кармалган. Маңзаттарына байланыштуу жалпы 1200 кылмыш иши катталган.

Эң көп окулган жаңылыктар