Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 24.kg агенттигинин окурмандарын жана шаардыктарды кирип келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайт.
«Урматтуу шаардыктар, урматтуу 24.kgнин окурмандары, сиздерди кирип келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктоодо уруксат этиңиздер! Майрамдын алдында сиздердин шаардын өнүгүшүнө, шаардын жашоосуна активдүү позицияңызды жана кызыгууңузду белгилеп кетким келет. 24.kg сайты сындап гана эмес, шаардыктарды жеткиликтүү маалымат менен дагы камсыздап келет. 24.kg маалымат агенттигинин кызматкерлерин ыкчам жарыяланган маалыматтары үчүн ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө агенттиктин окурмандары аркылуу мэрияга бир топ маалыматтар келип түшкөн, биз аларды чечүүгө аракет кылып жатабыз. Алардын көпчүлүгү жолдордун жана тротуарлардын абалы тууралуу. Албетте, биз баардык маселелерди заматта чече албайбыз, бирок аларды иш планыбызга киргизип, эске алабыз», — дейт ал.