14:55
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

24.kg агенттиги сиздерди Жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!

2021-жыл Кыргызстан үчүн оор жыл болду. Өлкө жарандары коронавирус пандемиясынын кесепетин көрүп, экономикалык кризис жана баанын өсүшүн баштан өткөрүүдө. Ага карабай кыргыз эли биргеликте баарын жеңүүдө.

Биздин агенттик үчүн дагы жыл окуяларга бай болду. Биз менен байланышын үзбөгөн окурмандарга терең ыраазычылык билдиребиз. 

24.kg агенттигинин социалдык тармактагы баракчаларына жазылгандардын саны тынбай өсүүдө.

Биз 2022-жылы дагы биз менен болуп, өлкөдөгү эң маанилүү окуяларды биз менен бирге бөлүшөрүңүздөрдөн күмөнүбүз жок.

Биз кыргызстандыктардын баарын Жаңы жылы менен куттуктайбыз! Ар дайым өзүңүздөргө бекем, меймандос жана боорукер болуңуздар! Элибиз жардам колун сунуп, кайрымдуу болуу адатынан артка кайтпасын! Биримдик жана ынтымак менен өлкөбүздү алга сүрөйлү! Кыргызстанда тынчтык болуп, чек арада ок атылбасын! 

Сиздерди кадырлап сыйлап 24.kg агенттигин жамааты.

Эң көп окулган жаңылыктар