18:04
USD 87.00
EUR 90.64
RUB 0.85

Ысык-Көлдө өрттүн кесептинен үч наристе каза болду

Ысык-Көлдө өрттүн кесептинен үч кичинекей бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, кечээ, 29-декбарда саат 15:15тер чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине өрт өчүрүүчү 1 бөлүм тартылып, өрт толугу менен саат 22:33тө өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен үч кичинекей бала ( 2 жаштагы эки кыз жана 5 жаштагы бала) каза болгон. Болжол менен аянты 105 чарчы метр турак үй толук күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Эң көп окулган жаңылыктар