22:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ашхабадда төрт айлык тыныгуудан кийин базарлар кайра иштей баштады

Түркмөнстандын баш калаасы Ашхабад шаарында төрт айлык тыныгуудан кийин 18-декабрдан тартып базарлар кайра иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Ошол эле маалда базарда коронавирус жок экенин ырастаган маалымкаты бар сатуучуларга гана иштөөгө уруксат берилүүдө. Айрым базарларда атайын медициналык жайлар уюштурулуп, соодагерлер 100 манаттан тест тапшырууга мажбурланып жатканы кабарланууда.

Ал ортодо бир нече айдан бери кирешесиз отурган соодагерлер базардын ачылышы менен аларга каржылык кысым башталганын билдиришүүдө.

«Базар ачылары менен мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү келе башташты. Салыкчылар бардык товарлардын баалары көрсөтүлгөн эмес, кассалык аппараттар жок деген сыяктуу шылтоолор менен бүт соодагерлерден 200 манаттан чогултуп кетишти», — деди аты-жөнүн билдиргиси келбеген соодагерлердин бири.

Анын айтымында, мындан тышкары соодагерлерди текшерүү үчүн өрт өчүрүүчүлөр жана Санитардык-эпидемологиялык станциянын кызматкерлери да келишкен. Соода министрлигинин өкүлдөрү менен базардын жетекчилиги соодагерлерден 200 манаттан (расмий курс боюнча 57 доллар) чогултуп берүүнү талап кылышкан.

«Муну менен катар айрым товарларды төмөндөтүлгөн баада саткыла деп жатышат. Мисалы, биз 60 манаттан алып келген таттууларды 25 манаттан сатуубузду талап кылышууда. Мындан тышкары колбасанын килограммын 38 манаттан, шоколад момпосуйларды 60 манаттан жогорку баада сатпагыла деген буйрук келди», — деп кошумчалады соодагер.

Өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала элек экенин билдирип келген түркмөн бийлиги августтан бери Ашхабаддагы базарлар менен бир катар тейлөө жайларынын ишине тыюу салган.​

Эң көп окулган жаңылыктар