VII чакырылыштын депутаттарына 23-декабрда мандат тапшырылат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Боршайкомдон билдиришти.
Маалыматка караганда, ушул жума ичинде парламенттин жаңы чакырылышынын алгачкы отуруму өтөт.
Парламентке бул жолу 90 депутат шайланды. Алардын 54 партиялык, 36 бир мандаттуу округтан келишти.