Укук бузуу жөнүндө жаңы кодексте бир катар мыйзам бузуу үчүн айдоочулар камала турганы белгиленген.
Бишкек шаарынын Кайгуул милициясынын башкармалыгынын маалымат кызматы 1-декабрда күчүнө кирген кодекстердин үзүндүлөрү менен калкты тааныштырган.
Кайгуул милициясы 193-берене туурасында айтып берди.
17 миң 500 сомдук айып пул автоунааны мас болуп алып айдагандарга салынат, бирок ага альтернатива пайда болду. Тагыраагы, акча төлөбөсө, 30-40 сааттык коомдук иштерди жасайт. Эгерде рулду башкарып жүргөн киши медиктердин кароосунан өткүсү келбей, баш тартса да ушундай жазага кириптер болот.
Дагы бир учур. Айдоочу бир жыл ичинде рулга ичип алып экинчи ирет отуруп, кармалып калса, 20 миң сом айып салынат же 40 саат коомдук иштерди аткарууга мажбур болот. Дагы бир жолу бар — 3-5 сутка камакка алынат. Бул — жаңы норма.
Эгерде автоунааны мас же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга айдаганга берсе, темир тулпардын ээси 15 миң сомго жыгылат.
Абайлабагандыктан мунун кесепети тийип, адамга зыян келтирип, бирок анда кылмыштын белгилери жок болсо, айдоочу 20 миң сомдук айыпка жыгылат. Же жогорудагыдай эле ыкмалар каралат. Тагыраагы, 40 саат коомдук иштерди аткарууга мажбур болот же 3-5 суткага камалат.