29-ноябрда саат 22:42лер чамасында Кыргызстандын аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Орказган айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Канжыга айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым аралыкта жайгашкан.
КРнын калктуу конуштарында жер титирөөнүн күчү Орказган, Канжыга айылдарында 3 баллга жакын сезилген.