07:34
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанга Татарстандын президенти Рустам Минниханов келди

Татарстан президенти Рустам Минниханов бүгүн, 18-ноябрда Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Рустам Миннихановду мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов тосуп алды.

Бул сапардын алкагында Садыр Жапаров менен эки тараптуу жолугушуу болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Рустам Миннихановдун кыргыз-татар ишкердик форумуна жана башка иш-чараларга катышуусу пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар