20:45
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Инспекторду капотуна сүйрөп кеткен «Яндекс.Такси» айдоочусуна иш козголду

Милициянын патрулдук кызматынын инспекторун капотуна сүйрөп кеткен «Яндекс.Такси» айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин күбөлөр бишкектик таксист инспекторду капотуна сүйрөп кеткен окуянын видеосун жөнөтүшкөн. Милиционер жаракат алган эмес. Ал эми айдоочу Октябрь райондук ИИБге жеткирилген. Окуя бүгүн Горький көчөсүндө болгон.

Айдоочу Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча шектелип жатат. Милициядан билдиришкендей, анын жанында айдоочулук күбөлүгү да жок болуп чыккан. Шектүүнүн «Коопсуз шаар» долбоору боюнча төлөнө элек 15 айып пулу бар экени айтылды.

Айдоочу камакка алынган жок. РИИБде тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар