05:32
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Милициянын лейтенанты менен аскер адамы баңгизатын сатып өткөрүүгө шектелүүдө

Ленин райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматында иштеген милициянын лейтенанты жана Чек ара кызматынын катардагы аскер адамы баңгизатын сатып өткөрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам-издөө иш чарасынын негизинде 32 жаштагы милиция кызматкери менен 26 жаштагы аскер адамы кармалды.

«Аларды тинтүү маалында ширеңкенин кутусуна салынган гашиш табылды. Кармалган жарандар убактылуу тергөө абагына алынып келинди», — деп билдирди ИИМ.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума