11:09
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Сузакта COVID-19 менен күрөшүүгө бөлүнгөн акчаны айлык катары бөлүп алышкан

Сузак районунда милиция кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна COVID-19 менен күрөшүү үчүн 300 миң сом түшкөн. Башкы врач О.С. жана башкы эсепчи М.К. бөлүнгөн каражатты кызматкерлердин ортосунда жогорку маяна катары бөлүштүргөн.

Бирок өкмөттүн токтому бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн бөлүнгөн акчаны колдонууга тыюу салат.