USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Калкты жана турак жай фондун каттоого даярдык башталды

19:41, 10 ноября 2021, Бишкек - 24.kg

2022-жылы калкты жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык башталды. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Кабыл алынган чечимге ылайык, 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде калкты сурамжылоо жолу менен 2022-жылдын 25-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт.

Алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейинки мезгилде жүргүзүлмөкчү.

Төмөнкүлөр катталууга тийиш экендиги белгиленет:

— Кыргыз Республикасынын бардык жарандары, Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган же убактылуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле эл жана турак жай фондун каттоо учурунда убактылуу жок болгон Кыргыз Республикасынын жарандары;

— Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык турак жайлар.

2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүүгө даярдык көрүү максатында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча Республикалык комиссиясы түзүлүп тийиштүү жобосу бекитилген.

2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын төрагасы катары министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары бекитилген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика