15:52
USD 87.45
EUR 91.77
RUB 0.88

Алтынбек Эргешов: Шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурс болбойт

Президенттин шайлоо процессинде административдик ресурсту колдонууга жол бербөө боюнча тапшырмасынын алкагында президент жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын жетекчиси Алтынбек Эргешов мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен селектордук жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматы угулду.

«Шайлоо учурунда эч кандай административдик ресурс болбойт. Бардык шайлоо процесси мыйзамдуу өтүшү керек. Үгүт иштерин жүргүзүүдө бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлүшү керек», — деп белгиледи Алтынбек Эргешов.

Ал укук коргоо жана мамлекеттик органдардын шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар тууралуу арыздарына жана даттанууларына ыкчам чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Алтынбек Эргешов райондордун акимдери менен пикир алышуусунда шайлоо процессине мамлекеттик органдардын кийлигишпөөсү боюнча калк менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар