22:52
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мэрия коомдук унаанын санын көбөйтүүнү караштырып жатат

Борбор калаада дизель майынын кымбатташына байланыштуу кичи автобустардын айдоочулары иштен кетишкен, анын кесепетинен кыймылдуу курамдын саны азайган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

Эгер буга чейин шаардыктарды 3,5 миңге жакын кичи автобус тейлесе, учурда алардын саны 1,5 миңден ашпайт. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы коомдук унаанын санын көбөйтүү боюнча иш алып барууда.

Муниципалитет үзгүлтүксүз негизде көчмө жыйындарды өткөрүп турат. Жер-жерлерде шаардык унаа башкармалыгынын адистери унаа ишканалардын өкүлдөрү менен автобустардын жана кичи автобустардын кыймылдуу курамын көбөйтүү, ошондой эле күйүүчү майдын экологиялык жактан таза формасына чоңураак автобустарга өтүү маселеси боюнча жолугушууларды өткөрүүдө.

Ошондой эле, иш сапарлардын жыйынтыгы менен каттамдардагы автобустарды тынымсыз текшерүүдөн өткөрүү, коомдук унааны кышка даярдоо жана жүргүнчүлөрдү ташуунун ишин көзөмөлдөө боюнча туруктуу жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Мындан тышкары айдоочулардын санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоосуна, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн этикасына жана маданиятына өзгөчө көңүл бурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума