18:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Казакстандын элчиси «Талибан» өкмөтүнүн тышкы иштер министри менен жолукту

Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Есенгелдиев 26-сентябрда Кабул шаарында талибдер түзгөн өкмөттөгү тышкы иштер министри Мир Хан Муттаки менен жолугушту.

Жергиликтүү ЖМКлар бул Казакстан өкүлүнүн «Талибан» кыймылынын жетекчилиги менен алгачкы жолу жогорку деңгээлде байланышка чыгуусу экенин белгилеп жатышат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүндө «Талибан» кыймылынын аталышы айтылган эмес, Муттаки «Ооганстандын убактылуу өкмөтүндөгү тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу» катары көрсөтүлгөн.

Мекеменин маалыматына караганда, тараптар «ооган элине азык-түлүк жана башка гуманитардык жардам жеткирүү маселелерин» талкуулады. Муттаки Оогансандагы жаңы администрация башка өлкөлөр, анын ичинде аймактагы коңшулары менен тынчтык мамилелерин орнотууга даяр экенин билдирген.

«Vласть» сайты маалымдагандай, «Талибандын» өкүлү Twitter баракчасына «тараптар эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү убадалаганын» жазды.

Эң көп окулган жаңылыктар