USD87.45EUR98.04RUB1.04
24.kg

Алматыдагы атышууда беш киши каза болду

09:06, 21 сентября 2021, Бишкек - 24.kg

Казакстандын Алматы шаарында болгон атышууда беш киши каза болгонун полиция департаменти билдирди.

Окуя эки полиция кызматкери, сот аткаруучу жана эки жаран соттун чечими менен үйүн алдырып жиберген адамдын үйүнө келгенде болгон. 54 жаштагы жаран аны үй-бүлөсү менен жашаган жеринен мажбурлап чыгарууга келгендерге ок аткан.

«Кылмышка шектүү кармалып, кырдаал көзөмөлдө», — деп билдирди полиция.

Башка жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Казакстанда насыясын төлөй албай калып, сотто утулуп калгандарды күчтөп чыгарган учурлар соңку жылдары көп катталып келет.

Views
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика