Казакстанда Тажикстанга акысыз курал-жарак берүү жөнүндө мыйзам долбоору парламент мажилисинин кароосуна киргизилди. Бул тууралуу мажилистин эл аралык иштер жана коргонуу боюнча комитетинин төрайымы Айгүл Куспан билдирди.
Мыйзам долбоору расмий түрдө «Тажик-ооган чек арасына жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн аскердик-техникалык жардам берүү тууралуу Казакстан жана Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» деп аталат.
Мажилис төрайымынын айтымында, бул макулдашууга быйыл 12-июлда Нур-Султан шаарында кол коюлган.
— Казакстан Тажикстанга бекер аскердик-техникалык жардам көрсөтүп жатат. Комиссия мыйзам долбоору боюнча чечим чыгарууга даяр, — деди Куспан.
Июлдун башында Казакстандын Коргоо министрлиги Тажикстанга аскердик жардам катары үч миллион даана курал-жарак берүүгө багытталган атайын мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирген.
Бул маалымат социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жараткандыгына байланыштуу Казакстандын Коргоо министрлиги ушундай эле жардам Кыргызстанга да берилип жатканын, мунун кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалдарга байланышы жок экенин белгилеген.