14:14
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Пара алды деген шектенүү менен Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулу кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-июлда кармалган Бишкектин вице-мэри Азамат Сагындык уулуна козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат таратты.

Анда, мурда алынган параны кайтарып берүү учурунда кармалган мэрия кызматкери вице-мэр Азамат Сагындык уулуна каршы көрсөтмө бергени айтылат.

УКМК 23-июлда мурда алынган паранын 6 миң долларын кайтарып жаткан учурда мэриянын кызматкерин кармаган.

Тергөөнүн маалыматы боюнча кармалгандар Азамат Сагындык уулу менен сүйлөшүп алып, Кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан Түгөлбай-Ата (Линейная) көчөсүнүн боюндагы кафени сактап калуу үчүн, реконструкциялоо долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп анын ээсинен тогуз миң доллар пара алышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар