01:50
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тажик аскерлери кыргыз чек арачысын барымтага алды

Тажик аскерлери кыргыз чек арачысын барымтага алды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынан ырасташты.

Маалыматка караганда, чек арачыны кечээ атышуу учурунда алып кетишкен.

Учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Буга чейин Тажикстандын коопсуздук кызматы атышуу учурунда Кыргызстан тараптан эки аскер жаракат алганын маалымдашкан. Кыргызстан тарап 27 жаштагы чек арачынын каза болгонун кабарлап, жарадар боюнча айтышкан жок. 

Айрым маалыматтарга караганда, эки аскер жаракат алып, бирөө каза болгон. Тажикстан тарап аскер менен бирге үч атты дагы барымтага алды.

Жергиликтүү медиктерге азырынча каза болгон аскердин сөөгү дагы өткөрүлүп бериле элек. 

Эң көп окулган жаңылыктар