04:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткен облусунда Чек ара кызматынын аскери каза болду

Кечээ, 8-ноябрда, атайын спорттук иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздук эрежеси бузулгандыктан улам Баткен облусунун чек ара отрядында келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 27 жаштагы Ы. уулу С. аттуу прапорщик башынан оор жаракат алып, Баткен облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Дарыгерлер аскердин каза болгонун билдиришкен.

Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

Аталган факт тууралуу бардык тиешелүү органдарга билдирилип, тергөө иштери башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар