00:00
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасында 300 миң сомдук контрабандалык жүк кармалды

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик жол менен ташылып бараткан жүктөр кармалды. Бул тууралуу УКМК Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Байзак-Сай жергесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, анда жалпы салмагы 900 килограммды түзгөн 18 кап күрүч табылган. Кыргызстандын эки жараны азык-түлүктү Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Аларда алып бараткан жүккө тийиштүү документтер болгон эмес.

Ушул эле күнү Лейлек районундагы Мурас-Достук унаа жолунда чек арачылар Жаштык айылынын тургунун кармашкан. Анын машинесинен 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылган. Ар бир кутунун ичинде 24 банка алкоголсуз суусундуктары болгон жана тийиштүү документтери болгон эмес.

 Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, мыйзамсыз алынып бараткан аткезчилик жүктөрдүн жалпы суммасы болжол менен 300 миң сомдон ашат.

Кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар