10:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанга кирүүнүн жаңы эрежелери. Чек арадан 136 өзбек жараны өткөрүлгөн жок

24.kg
Фото 24.kg. УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жыйыны

Кыргызстанга кирүү эрежелерин бузгандыктан Өзбекстандын 136 жараны кыргыз-өзбек чек арасынан өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын өкүлү Мелис Памиров билдирди.

Ал өлкөгө киргизбей коюу чечими мыйзам бузуу эмес экенин белгиледи. Өзбекстандын жарандары республикада 60 күн тоскоолдуксуз жүрө алышат, андан кийин алар виза алышы керек.

Казакстандын жарандарына карата жаңыланган эрежелер 2024-жылдын сентябрынан тарта иштей баштайт. 60 күндөн кийин алар МККдан каттоодон өтүшү керек.

Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин үчүнчү катчысы Азамат Калысбеков чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө жүрүү тартиби жөнүндөгү жаңы жобого окшош эрежелер башка өлкөлөрдө да кеңири таралганын белгиледи.

«Негизги максат — чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстандын аймагында тиешелүү документтери жок жүрүүсүнө бөгөт коюу. Кыргыз-өзбек чек арасынан өткөрбөй койгон жарандар чыгуу жана кирүү мөөнөтүн жокко чыгаргылары келген. Эми мындай болбойт. Алар эреже боюнча келүү максатын так белгилеп, уруксат кагаздарын алышы керек», — деди ТИМдин өкүлү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты каттоо департаментинин миграция бөлүмүнүн башкы адиси Гүлбарчын Турдубаева өткөн жылга салыштырмалуу чет өлкөлүк жарандарды каттоо системасы өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

«Каттоодо келүү максатын жана жумуш берүүчү менен келишимди көрсөтүшү керек. Бул учурда өлкөгө чыгып, кирүүдө эч кандай көйгөй болбойт. Эгер өлкөгө визасыз кирүүгө укугу жок болсо, анда башка мамлекетте болсо деле электрондук визага тапшырууга болот», — деп белгиледи Гүлбарчын Турдубаева.

Эске салсак, 2023-жылдын октябрь айында чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүү эрежелери жаңыртылган. Эгерде чет өлкөлүк жаран өлкөдө 60 күн каттоосуз жүрсө, анда ал ошол мезгилдин ичинде виза алып же өлкөдөн чыгып кетиши керек. 60 күндөн кийин гана кайтып келүүгө болот.

Кыргызстанга 90 күнгө чейин визасыз жүрө ала турган жарандардын мөөнөтү «90/180» принциби боюнча эсептелет.

Эң көп окулган жаңылыктар