06:34
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Казакстандын түштүк аймактарында дизель тартыш болууда

Казакстандын түштүк аймактарында, анын ичинде Алматы, Түркстан облустары менен Түркстан шаарында дизель тартыштыгы байкалууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматы билдирди.

22-июнда Алматы облусунун Карасай районунда май куюучу станцияларга барган айдоочулар дизель таппай кыйналышкан. Айрым жерлерде дизель талон менен берилип жатат. «Газпром», Royal Petrol, «КазМунайГаздын» бир нече станциясына барган кабарчылар ал жактарда бир нече күндөн бери дизель жок экенин кабарлашты.

Чымкент менен Түркстан облусунда да дизель тартыш. Айдоочулардын айтымында, мындан бир нече апта мурун литри 184 теңге (1 теңге 0,20 сом) турган дизель азыр 192 теңгеден сатылып жатат. Аны да бардык эле жерден табуу мүмкүн эмес. Айрым айдоочулар дизель жок болгондуктан сапарын уланта албай, жолдо калган.

Бул арада Казакстандын Энергетика министрлигинин өкүлү Мурат Турдыбеков дизель тартыштыгын жокко чыгарды.

«Муну тартыштык деп атоого болбойт. Бул үзгүлтүк. Азыр министрлик Чымкент, Алматы, Жамбыл, Кызылорда облустарына мунай өнүмдөрүн тезирээк жеткирүүгө аракет жасоодо. Бир апта бериңиз, маселени чечебиз. Пландуу ремонтту баштардан мурун кандай гана завод болбосун биз боло турган жагдайды эскертебиз. Суроо-талапты канааттандыруу үчүн кор түзүлөт. Ушул тапта ошол запас бүтүп калган», — деди Турдыбеков.

Эң көп окулган жаңылыктар