Ушул дем алыш күндөрү өкмөт, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган салтка айланган айыл-чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Дыйкандар эртең мененки саат 10:00дон тартып ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн азыктарын сунушташат.
Шаардыктар үчүн жарманкелер төмөнкү даректерде иштейт:
• Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
• № 12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.
• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.