17:07
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Алмазбек Атамбаевдин ден соолугун иликтөөчү экспертиза дайындалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишин караштыруу уланууда.

Атамбаевди бул жолу да сот отурумуна алып келишкен жок. Ал жана дагы бир нече айыпталуучу ооруп жаткандыгы айтылды.

Кундуз Жолдубаеванын берген маалыматына ылайык, сот Азирет Медеров Алмазбек Атамбаевге сот-медициналык экспертиза дайындалуу тууралуу чечим кабыл алынганын айтты.

«Экспертиза мурдагы президенттин ден соолугун иликтеп, ал сот отурумдарына катышып-катышпасын аныкташы керек. Жыйынтык чыкмайынча сот отурумдары убактылуу токтотулду», — деди Жолдубаева.

Эң көп окулган жаңылыктар